Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Кулов президенттикке талапкерлерди "жигитче келишим" түзүүгө чакырды


Феликс Кулов
Феликс Кулов

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке талапкерлер "жигитче келишим" түзүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте шайлоого даярдыкты талкуулап жаткан жыйында айтты.

Кулов белгилегендей, ал келишимде он чакты шарт жазылып, талапкерлер аларды аткарууга аракет жасашы керек. Негизгиси, бардык талапкерлердин катышуусу менен конкреттүү көйгөйлөрдүн ар бири боюнча ачык дебаттар уюштурулушу зарыл.

"Жарандык көзөмөл комитети" уюму бүгүн Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген темада жыйын курууда. Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат - алдыдагы президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелерин тактоо.

Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министрлер Феликс Кулов, Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев жана башка саясатчылар катышууда.

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Анын так датасы азырынча жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG