Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

БШК: Бул жолу сайтыбыз үзгүлтүксүз иштейт


Быйыл өтө турган президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын интернеттен он-лайн режимде көрүп туруу мүмкүнчүлүгү болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте шайлоого даярдыкты талкуулап жаткан жыйында Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал буга чейин өткөн ири шайлоо өнөктүгү маалында БШКнын сайтына кирген интернет колдонуучулардын саны демейдегиден 20 эсе көп болуп кеткендиктен он-лайн режим камсыз кылынбай калганын билдирди.

БШК сайтында кайсы участокто добуш берүү кандай жүрүп жатат, алгачкы жыйынтыктар кайсылар экенин көрүп туруу үчүн атайын баракча ачылган. Бирок ал бир нече жылдан бери дээрлик иштебейт.

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG