Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Жалал-Абадда кылмышка шектүү аялдар тобу кармалды


Жалал-Абадда шаар тургундарын, айрыкча такси айдоочуларын опузалап жүргөн деген шек менен аялдар тобу кармалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматында, кылмышка шектүүлөр түрдүү ыкмаларды колдонуп, айрым айдоочуларды "зордуктадың деп коркутуп", акчасын алып койгон. 34-40 жаштагы үч аялдын бирөө Өзбекстандын, экөө Кыргызстандын жарандары.

Алардын үстүнөн арызды шаарда таксист болуп иштеген, 15 миң сом акчасын алдырып койгон жаран жазган.

Факт боюнча кылмыш иш козголду, бир аял камалып, экөө үй камагына алынды. (RsK)

XS
SM
MD
LG