Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Атамбаев "Азаттык" боюнча доо арызды артка алууну сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокуратурасына «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштады.

Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда "быйыл 30-мартта «Эркин Европа/Эркиндик Радиосу» медиакорпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу болгону, окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланганы" айтылат.

Президенттин маалымат кызматы "ал жолугушуудан берки мезгилде «Азаттык» радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда теӊ салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оӊ көрүнүштөр болду. Көптөгөн эксперттер «Азаттык» радиосунда окуяларды чагылдыруу сапатынын артканын белгилеп жатышат. Эркин журналистиканын жана сөз эркиндигинин принциптерин сөз жок сактоо менен катар «Азаттык» радиосунда эфирге жана интернет-сайтка материалдарды даярдоодо редакциялык саясатты бекем кармануу жагында, анын ичинде талаштуу жерлерди алдын ала системалуу түрдө укуктук талдоого алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү" деп кабарлайт.

Айрым массалык маалымат каражаттары "президенттин ар-намысын жана абийирин булгаган жалган маалыматтарды тараткан" деген негизде өлкөнүн Башкы прокурору «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын алкагында доо арыздарды берген. Жоопкерлер арасында «Эркин Европа/Эркиндик» Радиосунун» кыргыз кызматы - «Азаттык медиа» мекемеси да бар болчу.

Буга чейин Конституциялык палата “Азаттык” боюнча доо арыздын мыйзамдуулугун териштирери кабарланган. "Азаттык" жана "Заноза" медиа каражаттарына берилген доо арызга байланыштуу 120 кишинин колу коюлган өтүнүч кат 3-майда өндүрүшкө алынган.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн бүгүнкү маалыматын бул жерден окусаңыздар болот. (RK)

XS
SM
MD
LG