АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен Орусияны тынчтыкка чакырды. Эки өлкө өкүлдөрү менен Ак үйдө өз өзүнчө жолугушкандан кийин Трамп Твиттерге Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана украин башкы дипломаты Павел Климкин менен сүрөттөрүн коюп «Тынчтык орнотолу» деп жазды.
Орусия 2014-жылдын мартында Крым жарым аралын басып алып, кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди колдой баштагандан бери Москва менен Киевдин мамилеси начарлаган. Орус бийлигинин мындай аракеттеринен улам Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар санкция киргизген.
10-майда мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Лавров менен жолугушууда «санкциялар Москва ошол аракеттеринен баш тартмайын кала берерин» билдирген.