Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашев иштен алынды. Мындай чечим бүгүн өкмөттө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жыйында кабыл алынды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекет бул уюмга былтыр 100 миллион сом берсе, бир жылдын ичинде болгону 8 миллион сомго камсыздандыруу иштерин жүргүзгөнүн айтып сынга алды.
Камсыздандыруу иши солгун жүрүп жатканы буга чейин да өкмөттүн жыйындарында бир нече жолу айтылган.
Быйыл айрым айылдарда сел каптоо, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып, эл көптөгөн чыгымдарга дуушар болууда.
Мындан тышкары бүгүн өкмөттүн жыйынында бир топ аткаминерлерге сөгүш жарыяланды. (KJ/RK)