Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Порошенко: Украина Орус империясы менен ажырашты


Украина президенти Петр Порошенко анын өлкөсү Европа биримдиги менен визасыз режимге жетишүү менен “Орусия империясы менен биротоло ажырашуу" дегенди билдирерин айтты. Сөз жөн гана чек арадан визасыз өтүү эмес, “Украинанын европалык өлкөлөрдөгү тарыхый ордуна кайтуусу тууралуу жүрүүдө”, - деди президент “1+1” телеканалындагы интервьюда.

11-майда Евробиримдиктин кеңеши Украина менен визасыз каттоону жактырган. Эми документке Европарламент жана шаркет жетекчилери кол коюуга тийиш. Жаңы эреже биометрикалык паспорту бар украиналыктарга жайылмакчы. Алар биримдиктин Ирландия жана Британиядан тышкары бардык өлкөлөрүнө жарым жылда бир ирет 90 күнгө чейин визасыз бара алышат. Жаңы жобо 11-июндан тарта ишке кирет.

XS
SM
MD
LG