Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Стамбул биржасынын мурдагы 57 кызматкери кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Түрк бийликтери Стамбул биржасындагы тергөөгө байланыштуу 50дөн ашуун кишини кармашты. "Анадолу" кабар агенттиги 12-майда маалымдагандай, алты чөлкөмдө диниятчы Фетхулла Гүлендин жактоочулары деп шектелген 57 киши кармалганын жазды. Ага чейин Haberturk гезити алар былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин иштен кетирилген Стамбул биржасынын кызматкерлери болчу деп кабарлаган.

Анкара ушу тапта АКШда бозгунда жүргөн Гүлен ошол кутумду уюштурган деп, экстрадициясын талап кылып келатат. Диниятчы өзү ишке ашпай калган көтөрүлүшкө тиешеси жоктугун ырастоодо. Ал окуядан кийин, расмий маалыматтар боюнча, он миңдеген киши камалды.

Мамлекеттик мекемелердин, коопсуздук органдарынын кызматкерлери, илим, билим берүү тармактарында иштеген 140 миңден көп киши жумуштарынан алынган. Өткөн айда өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү караган референдумду жеңген президент Режеп Тайып Эрдоган 16-майда Вашингтондо Дональд Трамп менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG