Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Жалал-Абаддагы санаторий жамааты жаңы жетекчини киргизбей жатат


Жалал-Абад санаторийинде жаңы жетекчинин ишке кирүү маселеси чечилбей жатат. 3-майда Кыргызстан Профсоюздар федерациясы Эркебай Маткеримовду бул кызматка дайындаган. Кечээ 11-майда федерация алдындагы кыргыз курорт-туризм башкармалыгынын башчысы Калыбек Өмүралиев жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруу аракетинен майнап чыккан жок. Жамаат өкүлдөрү аны иш бөлмөсүнө киргизбей коюшту.

Буга чейин мекемени жетектеп келген Максат Абышкаев шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткандыктан 3-майда убактылуу жумуштан бошотулган.

Шайлоого катышуу үчүн кеткен адамды биротоло кызматтан алуу мыйзамсыз деген жамаат Маткеримов буга чейин курортто иштеп, кетирген кемчиликтери үчүн алынганын айтууда.

Ал эми санаторий администрациясы кызматкерлер мыйзамдуулукту талап кылып жатат деген позицияны карманууда.

Түзүлгөн кырдаалды федерациянын өкүлдөрү кирген комиссия териштирип жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG