Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Пакистанда парламенттин жогорку өкүлүнө кол салуу болду


Пакистандын желеги
Пакистандын желеги

Пакистандын Балучистан аймагында парламенттин жогорку өкүлү бараткан кортеж бомбага кабылып, кеминде 10 киши набыт кетти. Сенат төрагасынын орун басары Абдул Гафур Хайдери жеңил жараат алганын журналисттерге өзү айтты. Жергиликтүү телеканал анын талкаланган машинасын көргөздү. Өкмөттүн маалымат катчысы Анварул Хак Какар жолдун боюна коюлган бомба жарылганын, Хайдери Жамият Улема-и-Ислам партиясынын бир нече мүчөсү жарадар болгонун билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Жаратылыш ресурстарына бай Балучистан көптөн бери мазхаб аралык зордук-зомбулуктан, экстремист исламчылардын чабуулдарынан жана жикчилерден жапа чегип келатат. Ар кыл жаңжалдар 2004-жылдан бери чөлкмөдө миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG