Түркияда, алдын ала маалымат боюнча, 20 чакты кыргызстандык кыз-келин сойкулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады:
- Анталиянын аймактык күч органдарынын сойкулукка бөгөт коюу иш-чарасынын негизинде Гүзелоба районунун тегерегинде 84 жаран, алардын 78и чет өлкөлүктөр кармалганы кабарланды. Биздин Стамбулдагы башкы консулдуктун алдын ала маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында Кыргызстандын 22 жараны бар деп айтылууда.
Кулукеева белгилегендей, азыркы учурда алар Анталиянын Миграция башкармалыгынын бөлүштүрүүчү жайында кармалууда. (ElB)