Баку шаарынын соту бир катар көз карандысыз маалымат каражаттары, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматынын сайтына бөгөт коюу чечимин чыгарды.
Тиешелүү арыз менен Байланыш, коммуникациялар жана технологиялар министрлиги кайрылган. 27-мартта эле мекеме Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен сайттарды блоктоп салган.
Прокуратура блоктолгон маалымат каражаттары улуттук коопсуздукка “коркунуч” жаратышарын билдирген. "Азадлыг" радиосунун саясатына каршы чаралар президент Илхам Алиевге жана жакындарына тиешеси бар каржылык операциялар тууралуу материалдарды басып чыгаргандан кийин башталган.