Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулду


Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 12-майда өткөн санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде айтылды.

Анда маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Социалдык пакеттеги санариптик телеканалдардын эфирин таркатуу үчүн өлкө боюнча 54 санариптик тараткыч орнотулганын кабарлады. Бул республикадагы калктын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт. Андан сырткары радиобайланыш жетпеген, тоолордо жана жайлоолордогу аймактарда санариптик телеберүүгө туташтыруу боюнча жабдуулар орнотулууда. Кыргызстанда мындай 326 пункт бар, алар калктын 5 пайызын түзөт. Бул аймактарда иштер толук аткарылып бүткөнгө чейин аналогдук берүүлөр өчүрүлбөйт.

Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү эскертилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG