Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:33

Түркмөнстанда коррупцияга каршы күрөшүү программасы иштелип чыгат


Түрмөн президенти Гурбангулы Бердумухамедов

Түрмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 12-майдагы өкмөттүн жыйынында коррупцияга жана паракорлукка каршы күрөшүү боюнча программа иштеп чыгууну Коопсуздук кеңеши менен Межлиске тапшырды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Буга байланыштуу мыйзамдарды кайра карап чыгып, коррупция жана паракорлук үчүн жазаны күчөтүү керек. Мисалы паракорлукка айыпталгандарга карата ырайым кылууну алып салуу керек деп ойлойм”, - деген президент Бердимухаммедов залда отурган министрлерге, аткаминерлерге кайрылып мыйзам бузгандар кызматына карабай катуу жазаланарын эскертти. Ал коррупция өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип, моралдык жактан дагы аксатып жатканын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG