Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Өзбек президенти расмий сапар менен Кытайга барды


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Бул өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин президент катары Кытайга биринчи расмий сапары. Анда негизинен эки өлкөнүн байланышын бекемдөө маселеси сөз болот. Сапар жүрушүндө Мирзиёев Кытай лидери Си Цзинпин баш болгон мамлекеттик жетекчилер менен жолугат.

14-15-майда Бээжинде боло турган “Бир алкак – бир жол” аттуу эл аралык форумга катышат. “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Кытай менен Өзбекстан жалпысынан 20 млрд долларлык 100дөй макулдашууга кол коёт.

Ушул күндөрү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы Кытайга иш сапары менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен болуучу президенттин иш сапары 13-майда башталат. Ал Бээжин шаарында “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG