Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

Бишкекте тилемчилерге каршы рейд өттү


12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Тилемчи” аттуу рейд өткөрүп, эл көп чогулган жана көчөлөрдө кайырчылык кылгандардын тек-жайын аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жалпысынан 135 тилемчи кармалып, бармак издери алынып, элүүдөй кишиге кылмыш иши ачылганын “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Алардын ичинен алтоо Өзбекстандын, экөө Тажикстандын атуулу болуп чыкты. Сегиз чет элдик тилемчи башкармалыктын депортациялоочу бөлүмүнө кармалды. Өспүрүмдөр жана балдар Ички иштер министрлигинин жашы жете электерди реабилитациялоочу борборуна жеткирилди. Аталган рейддин экинчи этабы 16-18-майда кайра кайталанат. (BCh)

XS
SM
MD
LG