Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Бүгүн кыз-келиндер жана эркектер арасында эркин күрөштөн байгелер ойнотулду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 13-майда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмакта таймашкан кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалдык бөлүгүнө чыкты.

Ал чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Таласованы 10:0 эсебинде утту. Жарым финалда жапониялык Катсуки Сакагамини 6:4 эсебинде жеңди. Алдыда финалда индиялык Сарита Сарита менен таймашат. Күрөштүн бул түрүнөн буга чейин жети салмакта байгелер ойнотулган. Баш байгелердин басымдуу бөлүгү жапониялык күрөшчү кыз-келиндерге буюрду. Алар беш алтын, эки күмүшкө ээ болушту. Кыргызстандан барган Розалия Тилегенова, Саяна Байызова жана Назира Марсбек кызы мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты.

Эркектер арасында эркин күрөш боюнча таймаштарда 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Муслим Евлаев алгачкы беттешинде ирандык Бахман Теймоури менен таймашып жеңишке жетти. Чейрек финалда түштүк кореялык Бюунгминг Гонгду 6:4, жарым финалда жапониялык Цубаса Асайды 6:2 эсебинде утту. Эми финалда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов менен күч сынашат. Күрөштүн ушул эле түрүнөн 65 килограммга чейинки салмакта Адилет Маматаев мелдештерин байгесиз жыйынтыктады. Улугбек Жолдошбеков (59 кг.) менен Магомед Мусаев (97 кг.) коло байге үчүн таймашат. 10-майда башталган спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу 14-майга чейин уланат. Турнирдин алгачкы эки күнүндө болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарында Нургазы Асангулов (71 кг.) жана Самат Шырдаков (80 кг.) коло медалды тагынышкан. Жалпысынан Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 17 балбан барган.(ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG