Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

“Коркут Ата” спектакли Түркияга барат


Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры “Коркут Ата” спектакли менен 14-майдан 22-майга чейин Түркия мамлекетинин Мерси, Адана шаарларында өтө турган “III Түрк дүйнөсү” Эл аралык театр фестивалына катышат.

Бул тууралуу театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди. Театр буга чейин аталган спектакль менен Казакстан республикасынын Чымкент жана Түркстан шаарларында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр жазы-2017” Эл аралык фестивалына катышып, бир катар мамлекеттердин арасынан 2-орунду алган.

Драмада "Коркут ата" деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү тууралуу жазылган. Спектаклде башкы каарман өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү жеңгендиги тууралуу баяндалат. Драманын автору Кайрат Иманалиев, режиссеру - Марат Козукеев. Спектакль ТҮРКСОЙ уюмунун атайын тапшырыгы менен сахнага чыккан. (ZA)

XS
SM
MD
LG