Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Президент Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга учуп кетти


Алмазбек Атамбаев Кытайга болгон 5-январдагы сапары учурунда.
Алмазбек Атамбаев Кытайга болгон 5-январдагы сапары учурунда.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-майда жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарына учуп кетти. Жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунун ишине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Алмазбек Атамбаев Кытайга быйыл 5-январда иш сапар менен барган. Анын сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келген.

Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалымат боюнча, тараптар дипломатиялык мамиле түзгөндөн бери Кыргызстанга Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд доллардан ашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG