Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Ислам Шериктештик оюндарына Кыргызстандан 68 спортчу катышууда


Кечээ, 12-майда Азербайжандын Баку шаарында IV Ислам Шериктештик оюндарынын ачылыш аземи болду.

Баку Олимпиадалык стадионунда өткөн иш-чарада Азербайжандын жана ислам маданиятын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зооктор коюлуп, мелдешке катышкан өлкөлөрдүн спортчулары салтанаттуу жүрүштөн өттү. Мелдешке 54 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрүнөн 269 комплект медал үчүн таймашат.

Кыргызстандан 68 спортчу спорттун 11 түрүнөн катышууда. Улуттук курама команданын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиев "Азаттыкка" билдиргендей кыргыз спортчулары таймаштарын 11-майдан тарта баштаган. Бул күнү Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы азербайжандык атаандаштарына 0:3 эсебинде утулду.

Боксчу Дамирдин уулу Данияр (64 к.г) казакстандык мушкерге жеңилип мелдештен четтеди. Спорттун көркөм гимнастика түрүнөн командалык эсепте төрт көнүгүүнүн жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат. 12-майда алкак жана топ менен көнүгүү жасоодо кыргыз гимнастчы кыздар төрт өлкөнүн ичинен азырынча төртүнчү орунда бара жатат. Бүгүн, 13-майда бокс боюнча мелдештер уланып Мирбек Шеров (56 кг.) менен Азамат Каныбек уулу (75 кг.) күч сынашууларын баштайт. Дзюдочулардан Отар Бестаев (60 кг.), Бектур Рысмамбетов (73 кг.), Мээрим Момунова (63 кг.) жана Ксения Бельдягина (57 кг.) татамиде таймашса, сууда сүзүүчүлөр Дарья Таланова менен Денис Петрашов жарышка чыгат. Бүгүн таң эрте ок атуу боюнча мелдеште Ноорузбек Акбар уулу жеңилип калды. Ислам Шериктештик оюндары 22-майга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG