Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иши башталды


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча ишти баштап берди. Өкмөт башчынын айтымында, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат.

Анын жыйынтыгында ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВт көбөйөрү күтүлүүдө. Ал эми пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга уланат. 3-фазада эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.

Токтогул ГЭСин реконструкциялоо Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашууда.

Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу - 1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электр энергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж.(КЕ)

XS
SM
MD
LG