Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:45

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Мугла провинциясындагы адам өмүрүн алган автокырсыкка байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. “Кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана аларды колдой турганыбызды жеткириңиз. Ошондой эле жараат алгандардын тез айыгып кетишин тилейбиз”,- деп жазылат көңүл айтуу телеграммасында. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бүгүн Түркиянын түштүк-батышындагы Мармарис шаарында туристтерди ташыган автобус аласалып, кеминде 20 киши каза таап, 10дон ашуун адам жараат алган. Мугла провинциясынын губернатору Амир Чичектин айтымында, каза болгондор жана жабыр тарткандар жергиликтүү, түркиялык туристтер болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG