Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:42

Кытай Жибек жолу коруна 14,5 млрд доллар бөлөт


“Бир алкак – бир жол” форуму.
“Бир алкак – бир жол” форуму.

Кытай Жибек жолу коруна кошумча 100 млрд юань (14,5 млрд. доллар) бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” деген аталыштагы форумда билдирди. Мындан сырткары Кытайдын Импорт-экспорт банкы менен Мамлекеттик банкы аталган форумда демилгеленген жана “Жаңы Жибек жолунун” жалпы долбоорлорун колдоого жалпысынан 380 млрд юань бөлүүгө даяр экенин кошумчалады. Бээжиндеги форумга 29 өлкөнүн лидерлери катышууда. Орусиянын президенти Владимир Путин интеграция үчүн инфраструктуралык чектөөлөрдү алып салуу керектигин, эң оболу транспорттук коридорго байланышкан заманбап системаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

Кытай 2013-жылы Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда байланышты жана инфраструктураны түзүүгө багытталган “Бир алкак – бир жол” деген аталыштагы экономикалык өнүгүүнүн жаңы стратегиясын жарыялаган. Бул Орусия, Казакстан аркылуу Чыгыштан Батышка жеңилдетилген тартипте товарларды түз жеткирчү соода коридорун түзүүнү көздөйт.

Аталган форумга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы катышууда. Мамлекет башчы башында турган делегация Кытайга кечээ, 13-майда учуп кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG