Кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы командасы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, жабыр тарткан 500дөн ашуун үй-бүлөгө одеял, ашкана жана гигиена буюмдарын, суу куйганга канистр, самын жана жууркан-төшөккө шейшептер таратылды. Жүктү жеткиргенге Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен Коопсуздук кеңеши жардам берди.
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн сегиз үй жараксыз болуп, 600гө чамалуусу авариялык абалга кептелген. Учурда райондун Карамык, Кара-Тейит, Жекенди жана Шибээ айылдарынын үч миңдей жашоочусу чатырларда күн кечирип жатат.
Буга чейин Кызыл чырым коому Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акчалай жардам берүү максатында атайын банктык эсеп ачкан.(КЕ)