Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

16-майдан баштап аба ырайы бузулат


Шашылыш билдирүү

16-17-19-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майларда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.​

Абанын температурасы:

15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Чүйдө жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,

Нарын жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30,

Бишкек шаарында 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG