Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Москвада эски үйлөрдү сүрдүрүүгө каршы акция өттү


Ар кандай эсеп менен митингге чыккандардын саны 20 миңдей болду.
Ар кандай эсеп менен митингге чыккандардын саны 20 миңдей болду.

14-майда Орусиянын башкалаасы Москвада өткөн митингдин катышуучулары калаадагы эски үйлөрдүн сүрдүрүлүшүнө каршы резолюция кабыл алышты.

Анда калаа бийлигинен үйлөрдү түрттүрүүгө жол берген мыйзамды кабыл албоо талабы каралган. Демонстранттардын пикиринде, бул мыйзам Конституцияга, тактап айтканда, алардын жеке мүлккө болгон укуктарына карама-каршы келет.

Активисттер Москванын мэри Сергей Собянинге нааразычылыгын билдиришип, аны "борбордун урашына" жана "билим берүү менен медицина тармагына байланыштуу мекемелердин жок кылынышына" айыпташты.

Ыктыярчылардын баамында, Москвадагы митингге катышкандардын саны 20 миңдин айланасында болду. Уюштуруучулар 80 миң киши чыкты дешсе, полиция беш миңдей адам катышканын белгиледи. Ушул жылдын февраль айында Сергей Собянин президент Владимир Путин менен реновация программасын талкуулаган. Долбоорго ылайык, мэрия "авариялык абалда" деп санаган беш кабаттуу үйлөрдү түрттүрмөк. Бул программа көпчүлүктүн нааразылыгын жаратканына карабай, Собянин ага 100 миллиард рубль каражат бөлгөн.

XS
SM
MD
LG