Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Москвадагы "кулчулук" окуясын элчилик териштирет


Москва
Москва

Москвада "170 кыргыз жараны кулчулукка кабылганы" тууралуу маалыматты Орусиядагы кыргыз элчилиги териштире баштады. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, Ички иштер министрлигинин, Миграция кызматынын адистеринен жана юристтерден куралган топ 15-майдан тарта "Почта России" ишканасындагы жагдайды текшерет.

Өткөн апта соңунда cоциалдык тармактарда "Мекендештер" деп аталган топ таратган кабарда Шарапова көчөсүндө жайгашкан аталган ишканада "кыргызстандык 170 адам маяна алалбай, кулчулукта жүргөнү" айтылган.

"Бул маселе элчинин көзөмөлүндө. "Почта России" - мамлекеттик ишкана. Бирок аны азербайжандыктар тендерден утуп алып иштетет экен",- деди Байымбетова.

Анын белгилешинче, "Почта России" ишканасында кыргызстандыктар кыйынчылыкка кабылганы тууралуу март айында да кабар чыккан. Элчилик териштирүү жүргүзгөндө, ал жакта 35 кыргыз жараны эмгектенери, айлыктары 28-35 миң рублдин тегерегинде экени аныкталган.

"Ал кездемаянанын аздыгы сөз болгон, бирок кулчулук тууралуу айтылган эмес",-дейт Байымбетова. (SE)

Гүлбарчын Байымбетова менен маекти бул жерден угуңуз:

Москвадагы "кулчулук" окуясы териштирилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG