Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Бээжин кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды


"Бир алкак-бир жол" форумунун катышуучулары.
"Бир алкак-бир жол" форумунун катышуучулары.

Кытай президенти Си Цзинпин Азия менен Европа мамлекеттерин террорчулук менен күрөшүүдөн тарта каржы саясатына чейин тыгыз кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды.

Ал бул тууралуу 14-майда "Бир алкак - бир жол" форумунда сүйлөп жатып билдирди. Улуу Жибек жолун жандандырууга багытталган иш-чарага 29 мамлекеттин лидерлери чогулушту.

Бээжин Кытайды Африка жана Европа менен байланыштырууга багытталган бул демилге үчүн 124 миллиард юань бөлүүнү убада кылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган катышкан жыйында сүйлөп жатып Си Цзинпин бул долбоордун максаты Кытайдын дүйнөдөгү таасирин күчөтүү эместигине ишендирди.

Эки күндүк форумга катышкандар арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш, Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард жана Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким да бар.

Кыргызстандан "Бир алкак - бир жол" форумуна президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышууда.

XS
SM
MD
LG