Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Юрий Краковецкий Ислам шериктештиги оюндарынан алтын медал утту


Байге ээлерин сыйлоо учуру. 14-май, 2017-ж. Баку шаары, Азербайжан.
Байге ээлерин сыйлоо учуру. 14-май, 2017-ж. Баку шаары, Азербайжан.

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий ушул күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам Шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. Ал жактагы Кыргызстандын делегациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин билдиришинче, Краковецкий 14-май күнү 100 килограммдан жогорку салмакта күч сынашып, жалпысынан үч таймаш өткөрдү. Чейрек финалда марокконун дзюдочусун, жарым финалда казакстандык Эламан Ергалиевди утту. Финалда Алжир спортчусу Надииб Теммар менен таймашып жеңишке жетти. Анын байгеси бул мелдештеги Кыргызстандын алгачкы алтын.

81 килограммга чейинки салмакта Владимир Золоев коло байгенин ээси болду. Ал иорданиялык, катардык атаандаштарын утуп, финалга чыгуу үчүн таймашта ирандык атаандашына жеңилип калды. Коло медал үчүн беттеште сириялык спортчуну утту.

IV Ислам Шериктештиги оюндарынын алкагында азыр Кыргызстандын эсебинде бир алтын, үч коло медал бар. Бир күн мурда дзюдочулар Отар Бестаев менен Бектур Рысмамбетов коло медал тагынышкан.

12-майда башталган төртүнчү Ислам Шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышып 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандын намысын спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу коргойт. (ECh).

XS
SM
MD
LG