Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Түркмөнстанда мурдагы баш прокурор камакка алынды


Түркмөнстанда мурдагы баш прокурор Аманмырат Халлыев жана укук коргоо органдарынын мурдагы элүү кызматкери камакка алынды.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин 4-майдагы жыйынында Халлыевди "жемкорлукка каршы күрөш жүргүзбөй жатат" деп айыптаган. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын өз булагы экс-башкы прокурор менен анын кол алдындагы кызматкерлер Азия оюндарын каржылоо үчүн ишкерлерден акча чогулта албагандыгы үчүн жумуштан алынгандыгын билдирген.

Быйыл сентябрда Түркмөнстан борбору Ашхабадда V Азия оюндары өтөт. Энергетикалык ресурстарга болгон баалар төмөндөгөн азыркы шартта өлкө экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Буга байланыштуу бийлик ишкерлерди ири спорттук иш-чараны өткөрүүгө каражат жагынан көмөк көрсөтүүгө чакырган.

Бүгүнкү күнгө карата Азия оюндарына 8 миллиард долларга жакын каражат жумшалды. Анын 5 миллиарддан ашыгы Олимпадалык шаарчанын, 2,3 миллиарды жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна кетти.

XS
SM
MD
LG