Активист Өндүрүш Токтонасыров акын Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, 200 сомдук акчадагы сүрөткө байланыштуу маркумдан кечирим сурайт. Бул акция аркылуу ал Улуттук банкка кайрылып, аталган акчадагы сүрөттү оңдоого чакырык жасамакчы.
Бул тууралуу активист өзү "Азаттык" радиосуна кабарлап, акция бүгүн, 15-майда болорун маалымдады.
2016-жылдын соңунда Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500 жана 1000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. Социалдык тармактардын колдонуучулары 200 сомдукта Алыкул Осмоновдун көзү кылый болуп калганын жазып, нааразылык билдиришкен.
Улуттук банктын маалымат кызматы жаңыланган 200 сомдук акчага акын Алыкул Осмоновдун 2010-жылдагы банкноттогу сүрөттөрү өзгөрүүсүз түшүрүлгөнүн, сын-пикирлерге карабай сүрөт ошол бойдон калат деп кабар тараткан. (SE)