Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:45

Ала-Бука: улуттар аралык достук фестивалы өтүүдө


Ала-Бука районундагы фестиваль.
Ала-Бука районундагы фестиваль.

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында "Улуттар аралык ынтымак - келечектин пайдубалы" деп аталган фестиваль өтүп жатат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, ага аймактагы ар улуттан турган сегиз мектептин жана бир лицейдин окуучулары катышууда.

Анда жаштар өз өнөрлөрүн тартуулап, улуттук каада-салттарын көрсөтүп жатышат. Иш-чараны Борбордук Азиядагы Евразия фонду менен жергиликтүү бийлик биргелешип уюштурган жана улут аралык ынтымакты сактоо максатын көздөйт. Ошондой эле фестивалда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарткан сүрөттөр көргөзмөгө коюлду.

Ак-Коргон айылы Өзбекстандын Касан-Сай району менен чектеш. Айыл аймакта 22 миң калк жашайт. Анын басымдуу бөлүгүн өзбектер, кыргыздар жана тажиктер түзөт. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG