Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:55

Трамп элчиликти Иерусалимге көчүрүүнүн тынчтык жараянга таасирин караштырууда


Президент Дональд Трамп палестин лидери Махмуд Аббас менен Ак үйдө жолуккан учур. 3-май, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп палестин лидери Махмуд Аббас менен Ак үйдө жолуккан учур. 3-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон билдирди. Ал Эн Би Си телеканалы менен маегинде белгилегендей, президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Иерусалим шаарына көчүрүү маселесин “бул чечим тынчтык жараянга кандай таасир тийгизерин түшүнүү үчүн абдан кылдат” кароодо.

Тиллерсон бул тууралуу президент Трамптын чет элдик сапары башталар алдында айтты. Ал сапары учурунда Трамп Израилдин жана Палестинанын да лидерлери менен кездешет.

Иерусалим шаарынын макамы жөөт-палестин чатагындагы эң сезимтал маселе.

Палестиндер Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору деп санашат. Израил болсо алардын чыгышын аннекциялап, аны өзүнүн борбору деп жарыялаган. Бирок, бул кадамды эл аралык коомчулук тааныган эмес.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин бул жакка көчүрүүнү убада кылган.

Мындай турум Палестинанын жана анын өнөктөштөрүнүн ачуусун келтирип, Трамп кийин бул сунушунан баш тарткан болчу.

Ал кызматка киришкенден кийин Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана палестин лидери Махмуд Аббас менен бир сыйрадан сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG