Си Цзиньпин чет өлкөлүк өкмөттөргө кайрылып, аларды “кеңири ачыктыкты жана кызматташтыкты” көздөөгө, глобалдык экономикалык өсүш үчүн “протекционизмди четке кагууга” үндөдү.
Ал бул тууралуу Бээжиндеги “Бир алкак - бир жол” саммитинин экинчи күнүндө айтты.
Жыйынга Азия, Европа, Африканын 29 өлкөсүнүн расмийлери катышып жатат.
Бээжин демилгелеген “Бир алкак - бир жол” планы Кытайдын соода жана геосаясаттагы таасирин күчөтө алат деп болжолдонот.
Бүгүн президент Си Цзиньпин Кытайды Африка, Азия, Европа менен темир жана кара жолдор, порттор, индустриялдык парктар аркылуу байланыштырууну караган план үчүн кошумча 124 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды.
АКШ президенти Дональд Трамп эл аралык соода келишимдердин пайдалуулугунан күмөн санап жаткан шартта Кытай азыр өзүн эркин сооданын коргоочусу катары көргөзүүдө.
Трамп быйыл январда кызматка киришкенден кийин эле АКШны Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминен чыгарууну караган жардыкка кол койгон. (UE)