Консерватор саясатчы катары саналган Бакир Калибаф Ирандагы президенттик жарыштан катаал багытты карманган динаятчы Ибрахим Раисинин пайдасы үчүн чыкты.
Ал бүгүнкү билдирүүсүндө өз жактоочуларын Раисини колдоого чакырды.
56 жаштагы Калибаф быйыл президенттик шайлоого үчүнчү ирет катышып жаткан. Ал буга чейин 2005, 2013-жылкы шайлоолордо атаандаштарына утулуп калган.
Бүгүн эле Ирандын мурдагы президенти Мухаммад Хатами интернет аркылуу кайрылуусунда мекендештерин азыркы президент Хасан Роуханини колдоого үндөдү.
1997-2005-жылдары президент болгон Хатамиге салттуу медиага чыгуусуна Ирандын сот бийлиги тарабынан тыюу салынган.
Ал өзүнүн видео кайрылуусунда 19-майдагы шайлоодо Роуханиге добуш берүү “ой-пикир эркиндигин, мыйзамдын иштөөсүн, жарандардын укуктарынын, социалдык жана экономикалык адилеттүүктүн камсыздалышын” колдоо экенин белгилейт.
Президент Хасан Роухани азыр экинчи төрт жылдык мөөнөтүнө шайланууну көздөөдө. Анын эми төрт атаандашы бар.
Алдыдагы президенттик шайлоо байистүү саясатчы катары саналган Роуханин дүйнө державалары Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты жөнгөрүүнү караган макулдашууга жетишкен саясаты үчүн референдум катары да каралууда. (UE)