Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Атамбаев Бээжинде "Таза коом" программасы жөнүндө сүйлөдү


Бээжиндеги форум катышуучулары
Бээжиндеги форум катышуучулары

Бээжинде өтүп жаткан "Бир алкак - бир жол" эл аралык форумунда бүгүн, 15-майда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы азыркы доор терең трансформациялык мезгилди баштан кечирип жатканын, интеграциялык маселелер келечекке үмүт арттырарын, ошол эле учурда ийгиликке жетүүдө көйгөйлөр жараларын белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Андан тышкары, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жапырт аракет болуп жатканын, анын негизги багыты катары "Таза коом" программасы иштелип чыкканын белгиледи.

Ошондой эле Жаңы Жибек жолу долбоорун ишке ашырууда Кытайдан Европага чейинки байланышты Кыргызстан аркылуу курууну сунуштады.

14-майда башталган экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш катышууда. Анда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланып жатат.

Алмазбек Атамбаев Бээжинге 13-майда кеткен. Жекшемби күнү ал жакта Орусия президенти Владимир Путин жана башка кытайлык аткаминерлер менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 16-майда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, анан Бишкекке кайтат. (SE)

XS
SM
MD
LG