Жалал-Абад облусундагы кооптуу кырдаал жаралган бир катар дарыялар өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүнө алынды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыяларында 12-майдан тарта суу көбөйгөн.
Натыйжада турак жайларга, көпүрөлөргө кооптуу кырдаал жаралды. Жер-жерлерде адистер иштеп жатышат. Суу ташкын коркунучунан улам Авлетим айылына 14-майда өзгөчө абал киргизилген.
Андан тышкары Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суу көбөйүп, жээктерди жууй баштады. 6-7 үй коркунучка кептелген. (SE)