Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Тажик тышкы иштер министри Рогун ГЭСинин курулушун коргоду


Рогун ГЭСИ курулуп жаткан аймак.
Рогун ГЭСИ курулуп жаткан аймак.

Сирожиддин Аслов бүгүн Брюсселден кабарчыларга билдиргендей, Душанбе такай суунун төмөнүндөгү өлкөлөрдүн да кызыкчылыгын эске алат.

- Борбор Азиядагы суу беш мамлекеттин тең бардык муктаждыктарына жетет. Маселе аймактын беш өлкөсү муну рационалдуу эмес пайдаланып жатканында. Биз, аймактын ар бир өлкөсү суу ресурстарын сактоо боюнча чараларды көрүүбүз керек.

Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда Рогун ГЭСинин курулушуна Өзбекстан өзгөчө каршы болуп келген.

Борбор Азиядагы эң ири ГЭСтин дамбасын куруу боюнча 3,9 миллиард доллардык контракты италиялык Salini Impregilo компаниясы жеңип алган.

ГЭС электр энергиясын 2018-жылдын соңунан тарта бере баштайт деп күтүлүүдө. Курулуш иштери расмий былтыр октябрь айында башталган. (UE)

XS
SM
MD
LG