Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Журналисттин депутаттын үстүнөн даттануусун президенттик аппарат карайт


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

"Алиби" гезитинин кабарчысы Үпөл Анаркулованын Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын үстүнөн даттануусун президенттик аппарат карап чыгат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Журналист президентке, парламент спикерине, КСДП фракциясынын лидерине, Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрайымына, маданият, маалымат жана туризм министрине 12-майда Фейсбук аркылуу кайрылган. Анда эл өкүлүнөн моралдык запкы чеккенин белгилеп, анын жоопкерчилигин карап, “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамынан ажыратууну сунуштаган.

2-майда депутат Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиосу интернетке чыккан. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти опузалаганы жазылган. Кийинчерээк эл өкүлү ал аудио монтаждалганын билдирген, бирок журналист жазуу жасалма эместигин айткан.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Мусабекованын иши фракцияда караларын маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG