Таиландда футзал боюнча Азия чемпионаты (U 20) башталды. 16-26-май күндөрү өтө турган мелдештерде 22 мамлекет төрт тайпада күч сынашат.
Кыргызстандыктар D тобунда Иран, Кытай, Монголия жана Бириккен Араб Эмирлигинин спортчуларына каршы ойнойт. Улуттук курамада 14 оюнчу бар.
Тандоо оюндарынын жыйынтыгында, ар бир топтогу эки команда негизги беттештерге жолдомо алышат. (SE)