Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Грузияда Конституция боюнча талкууну жаштар үзгүлтүккө учуратты


Жаш активисттер Конституция боюнча талкууга нааразылык билдирип келишти. Тбилиси, 15-май, 2017-жыл.
Жаш активисттер Конституция боюнча талкууга нааразылык билдирип келишти. Тбилиси, 15-май, 2017-жыл.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын Конституцияны өзгөртүүнү караган сунуштары боюнча коомдук талкуу бүгүн Тбилисидеги мамлекеттик филармониянын имаратында өтүп жаткан.

Жыйынды жүздөгөн жаш активисттер үзгүлтүккө учуратты.

Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдирген жаштар ышкырып, кыйкырып талкуу өтүп жаткан жерге кирип келген соң парламент спикери Иракли Кобахидзе жыйынды токтотууга аргасыз болду.

Активисттер президентти эл шайлоодон парламент шайлоосуна көчүрүүгө, жеңишке жеткен партияга шайлоодон кийин кайра бөлүштүрүү аркылуу көбүрөөк мандат алуусуна жол ачууга жана чет өлкөлүктөрдүн жер сатып алуусун мыйзамдаштыруу өңдүү сунуштарга каршылыгын билдиришет.

Активисттер ошондой эле өкмөт жер-жерлерде уюштуруп жаткан талкууларга расмий адамдардын гана катыштырылып жатышына нааразы болушту. (UE)

XS
SM
MD
LG