"Өнүгүү-Прогресс" партиясы Жалал-Абад шаарында шайлоочулардын тизмесин түзүүдө мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Буга байланыштуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Баринса Турдубаевага кайрылуу жолдошту.
Партиянын жергиликтүү штабынын маалыматына ылайык, шаардык кеңешке өтчү шайлоо үчүн түзүлгөн тизмеге башка аймактарда жашагандар да киргизилгенин аныкташкан.
"2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодо №2104 участкасында 2373 шайлоочу катталган. Алдыдагы шайлоодо 77 кишиге аз" деп айтылат маалыматта. Андан тышкары, ушундай эле алешемдик №2101, №2098 шайлоо участкаларында да аныкталганы, Бишкек, Кара-Көл шаарларында, Сузак районунда жашагандар тизмеге киргизилгени белгиленген.
Шаардык шайлоо комиссиясы азырынча буга жооп бере элек.
28-майда шаардык кеңешке шайлоо өтөт. 31 мандат үчүн жети партия ат салышууда.
Былтыр 11-декабрдагы шайлоодо утуп чыккан "Кыргызстан", "Ата-Журт", "Республика-Ата-Журт", КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары бириге албай, өзүн өзү таратышкан. (RsK)