Франциядагы Гавр шаарынын мэри, борборчул Эдуард Филипп өлкөнүн жаңы премьер-министри болду. Президент Эммануэл Макрондун мындай чечимин 15-майда баш катчы Алекси Колер маалымдады.
46 жаштагы Эдуард Филипп борборчул "Республикачылар" партиясына мүчө. Анын өкмөт башчы кызматты аркалашы президент Макронду колдогон социалисттерге тең салмак болот.
Филипп мурдагы премьер-министр Ален Жюппенин өнөктөшү.
Франция тарыхында алгач ирет президент өкмөт башчыны өз санаалаштарынан тыш чөйрөдөн дайындады.