Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев айдап бара жаткан автоунаа айып аянтчасына токтотулду.
Облустук милициядан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей,15-майда түнкү саат 12лер чамасында атайын рейддин жүрүшүндө арткы номери жок "Ниссан" үсгүсүндөгү автоунаа патрулдук милицияга токтобой өтүп кеткен.
Милиция анын артынан түшүп, шаардык мэрияга тиешелүү 0032 DB кызматтык автоунааны мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев айдап бара жатканы белгилүү болгон.
Машине атайын жайга токтотулуп, Темирбаевге протокол түзүлдү. Ал өзү жана Жалал-Абад шаардык мэриясы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.
Өткөн аптада Жалал-Абад шаардык патрулдук милициясы бир айлык рейд жарыялаган. (RsK)