Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

ЖК комитети шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушун колдоду


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитет бүгүн «Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды.

Депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбоордо шайлоо күнүн 15-октябрга белгилөө, президенттикке талапкерлердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү, шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу сунушу камтылган.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат, мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Алмамбет Шыкмаматов шайлоо 15-октябрда өтө турган болсо, БШК 1-декабрга чейин шайлоонун жол-жоболорун жыйынтыктап бүтүшү керектигин белгиледи. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо өткөндөн кийин 20 күндө шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк болорун билдирди.

Демилгечилердин пикиринде, азыркы мыйзамда президентти шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген, анткени мамлекет башчынын ыйгарым укуктары ошондо токтоп, Жогорку Кеӊеш шайлоого төрт айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындайт. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштырып, президенттик шайлоону быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өткөрүү сунушталууда.

3-майда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясы президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушу менен чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG