Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун "Таза коом" долбооруна байланышкан билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүнү президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү таратты. Анда аталган долбоорду алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштыруу туура эмес деп айтылган:
"Таза коом" долбоору келечектеги Кыргызстандын долбоору. Бул демилгеге каршы чыгуу менен Роза Исаковна өлкөнүн өнүгүшүнө каршы чыгып жатат. Мен Роза Исаковна эл аралык донорлорду "Таза коом" долбоорун колдобоого чакырып жатат деген тыянакка келүүдөмүн. Мени экс-президенттин мындай позициясы таң калтырды. Бул долбоорду алдыдагы президенттик шайлоо, мени менен да байланыштыруу туура эмес. Анткени, менин президенттикке ат салышуу ниетим жок" деп жазылган анда.
Бишкекте 12-майда өткөн "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деп аталган жыйында экс-президент Роза Отунбаева "Таза коом" долбоору бийликчил партиядан президенттикке талапкер үчүн шайлоо алдындагы платформага айланбашы керек деп айткан.
«Атамбаевдин тапшырмасы менен чоң топ «Таза коом» деп аталган долбоорду тездикте даярдап жатат. Ал үчүн эл аралык коомчулуктун бардык каражаттары жана ресурстары тартылган. Бул – гранттык долбоор. Биз өлкө үчүн ушундай узак мөөнөттүү стратегиялык программаны даярдоого керектүү жана маанилүү, эксперттик жардамы үчүн эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдиребиз. Бирок кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө үчүн, шайлоо алдындагы жарышка киришип жатканда бул документти белгилөөдө жана колдонууда ачык-айкындык болушун каалайбыз – донордук коомчулукка кайрылам – ал бийлик тараптагы партиядан талапкердин шайлоо алдындагы платформасы болуп калууга тийиш эмес" деп билдирген Роза Отунбаева.
Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган.
Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (NT)