Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Армения Азербайжанга эскертүү жасады


Тоолуу-Карабахтагы армян аскерлери. 7-май, 2016-жыл.
Тоолуу-Карабахтагы армян аскерлери. 7-май, 2016-жыл.

Армения жана Тоолуу-Карабакты көзөмөлдөгөн жикчилдер эскертүүнү Азербайжандын соңку ракеталык соккусуна байланыштуу жасашты.

Алардын айтымында, азери күчтөрүнүн ТоолууКарабактын абадан коргонуу системасын ракета менен бутага алуусу жоопсуз калбайт. Мындай билдирүүнү Армениянын жана Тоолуу-Карабактын коргоо министрликтери жасады.

Алар Азербайжандын ракеталык соккусун “чагым” деп аташып, бирок андан кандайдыр бир чыгым болду деген маалыматтарды четке кагышты.

Мунун алдында Азербайжандын Коргоо министрлиги алардын күчтөрү абадан коргонуу боюнча Оса системасын талкалаганын, мындай жабдуунун чек арадагы көзөмөл тилкесине жакын жайгаштырылуусу азери учактарына коркунуч жаратарын билдирген.

Азербайжандын бир бөлүгү, бирок армяндар көп жашаган Тоолуу-Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.

Анда кеминде 30 миңдей адамдын өмүрү кыйлып, жаңжалды жөнгө салуу боюнча акыркы 25 жыл ичиндеги аракеттер олуттуу натыйжа бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG