Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу ал бүгүн "Спутник-Кыргызстан" радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
- Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм, - деген Турсунбеков журналисттин "балким ошолордун бири сиз?" деген суроосуна "балким" деп жооп кайтарды.
Бийликтеги Социал-демократтар партиясы президенттикке өз талапкеринин атын жарыялай элек.
Шайлоого катышарын буга чейин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирген.
Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. Ал эми "Ата Мекен" партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн. (NT)