Таштанды чогултуучу робот ойлоп тапкан кыргызстандык эки окуучу АКШда өтө турган генийлер олимпиадасына камданууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна "Сапат" билим берүү мекемесинин Ош шаарындагы “Сема” лицейинин мугалими Мурат Ишенбаев билдирди. Анын белгилешинче, Кансаар Кудайбаков менен Зулупкар уулу Таберик бул олимпиадага барууга робот жана инженерия категориясы боюнча жолдомо алган:
- Алар 540 тетиктен турган роботту ойлоп табышты. Бул олимпиада дүйнө жүзүндөгү 40тан ашык мамлекеттен окуучуларды чакырат. Ал илимге болгон кызыгууну арттырат. Бул жылы олимпиада 4 категорияда өтөт: айлана чөйрөнү коргоо, инженерия жана робот, бизнес, англисче дил баян жазуу.
GENIUS олимпиадасы 12-17-июнда Нью-Йорктун Освего шаарында өтөт.
15-майда окуучуларды Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков кабыл алды. Ал өзүнүн резервдик фондунан балдарга акчалар жардам тартуулап “Экономикабыз жана мамлекетибиз инновациялык технологияларсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Келечекте республикабыздын технологиялык жактан өнүгүүсүнө чоң салымыңарды кошосуңар деген чоң үмүтүм бар" деди. (RK)