Президент Петро Порошенконун бүгүнкү жардыгы менен орусиялык мекеме-уюмдарга, жеке адамдарга каршы киргизилген санкцияларды кеңейтти.
Ага ылайык, эми Украинада Орусиянын белгилүү социалдык түйүндөрү, интернеттеги издөө системалары толугу менен блокадалануусу же чектелүүсү керек.
Тизмеге бул ирет ВКонтакте, Одноклассники, Яндекс, Майл.ру сайттары, киберкоопсуздук боюнча “Касперский лабораториясы”, DrWeb компанялары, РБК, Улуттук Медиа тобу, ТНТ, Рен-ТВ деген медиа уюмдар да кошулган.
Жалпысынан Украинанын азыркы жана мурдагы санкциялары Орусия, Крым жана жикчилдер көзмөлдөгөн Донецк, Луганск облустарынан 468 мекеме-уюм, компанияга,1200дөн ашуун жеке адамдарга колдонулат.
Расмий Киевдин айтымында, санкциялар Орусиянын Украинадагы агрессиясы менен байланыштуу. Алардын алгачкысы Крымдын аннексиясына жана Донбасстагы жикчилер Орусиядан куралдуу колдоо алышына жооп чара катары 2015-жылы сентябрда киргизилген.(UE)